Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар демонтаждалып, толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган», — деп жазган Аскат Алагозов оңдоо иштери январдын ортосунда башталарын кошумчалаган.
«2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо иштери жүргөн. Ошол кезде, бул жерде гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылган эмес. Ошол себептен суу кирип, астындагы конструкциялардын бузулуусуна алып келген», — деди Алагозов.
Анын айтымында эстелик астын оңдоодо бул кемчиликтер эске алынып, толугу менен жоюлат.
Кошучалай кетсек, 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн жана Түркия тараптан 15 миллион доллар грант берилген.