Кечээ мандат алган Талант Мамытов бүгүн депутаттык топтун лидери болду. Жогорку Кеңештин сайтында анын сүрөтү жарыяланып, топтун лидери экени жазылды.
Парламенттеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Кундузбек Сулайманов өз ыктыяры менен ордун бошотуп, эл өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлап алышканын билдирди.
Ошондой эле “Ала-Тоо” депутаттык тобунун лидери Нурланбек Азыгалиев да ордун тапшырып, топту Дастан Жумабеков жетектемей болгону айтылды.









