Маркум Камчы Көлбаевдин сөөгү делген сүрөт соцтармактарга жарыяланууда.
Бүгүн, 4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган. УКМК анын өлтүрүлгөнүн тастыктаган.
Сүрөттөрдү сезимталдарга көрүү сунушталбайт!