Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кенештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Министрлер кабинетине бир катар сунуштарды берди.
Ал Бишкекте жол тыгыны жок экендигин айтып, себеби окуучулар менен студенттер аралыктан окуп жаткандыгын билдирди. «Балким келечекте студенттерди көчүрүүнү карап көрөсүздөр. Кант тарапка студенттер шаарчасын курбайлыбы? Анткени биз азыр жаңыдан куруп, кеңейип, өнүгүп жатабыз», — деди Маматалиев.
Андан сырткары эл өкүлү Чүй облустук башкармалыктарды Токмокко көчүрүү керектигин сунуштады. «Мурда башкармалыктар Токмокто болчу. Мисалы Чүй облустук башкармалыктар эмне кылат Бишкекте? Токмокко жибербейлиби?» — деди Маматалиев.