Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.
Ал 193-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды.
15-декабрда Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын ченемдерин сактабагандыгы үчүн кызматтан кеткен. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ошол эле күнү Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымат берип, Кой-Таш айылында Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны токтотушканын аны ошол учурдагы министр башкарып бара жатканын билдиришкен. Ал Бишкек шаарынын Борбордук наркология бөлүмүнө жеткирилип, мас абалында болгону тастыкталган.










