Айдарбекова Масуда Апсаматбековна Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Ош шаарынын мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.