Бейшемби, 23.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Медиа аракет платформасы массалык камоолор боюнча: «Бул — бийликтин аракетин сындаган жарандарды коркутуу аракети»

17:53 24.10.2022
0
Медиа аракет платформасы массалык камоолор боюнча: «Бул — бийликтин аракетин сындаган жарандарды коркутуу аракети»

«Кыргызстанда сөз эркиндигине каршы репрессия күч алып баратат!». Бул тууралуу Кыргызстандын медиа аракет платформасынын билдирүүсүндө айтылат.

«23-октябрда эртең менен Кыргызстанда жарандык активисттер менен журналисттердин үйлөрүнө тинтүү жүргүзүү жана кезектеги кармоо иштери башталды. Аларга Жазык кодексинин 36-278-беренелери боюнча айып тагылууда. Соттун санкциясы жок жүргүзүлгөн тинтүү жөнүндөгү токтомдо иш козголгондугунун себеби мындайча айтылат, «кылмыш жасоого даярдануу фактысы боюнча – зордук-зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктөрдү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу менен, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүмдү колдонуу менен же бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык кылуу” деп көрсөтүлгөн.

Журналисттер Перизат Суранова менен Айданбек Акматов, Канышай Мамыркулова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, активисттер Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов жана башкалар суракка чакырылып, тинтүүгө алынып, камакка алынган. Муну бийликтин аракетин сындаган Кыргыз жарандарын коркутуу аракети деп эсептейбиз.

Себеби, кармалган Кыргыз жарандарынын арасында биздин кесиптештер да бар, алар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы багытталган акцияларды уюштурбагандыгына ишенебиз. Ал эми зарылчылык жаралса, алардын баары тергөөчүнүн чакыруусу менен өз ыктыяры боюнча суракка келишмек. Ошондуктан массалык тинтүүлөрдү жана камоолорду (өзгөчө дем алыш күндөрү) коркутуу жана биздин өлкөдө сөз эркиндигин кысуу аракети катары кабыл алдык.

Дегеле мындай аракет — сөз эркиндигин басуу жана Кыргыз жарандарынын өлкөдөгү жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алуу укуктарын чектөө саясатынын уландысы жана ал тереңдеп бара жатат деп эсептейбиз. Журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер, коомдун маалымат алуу укугун жана пикирлердин плюрализмин коргогон кайдыгер эмес жарандар куугунтукталууда. Аларга кылмыш иши козголуп, кармалып, тергөө жайларында кармалып, соттолуп жатышат.

Коомдогу жана мамлекеттеги окуяларды жана процесстерди чагылдыруу боюнча өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарып жаткан көз карандысыз басма сөзгө бөгөт коюу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын жабуу боюнча мыйзамсыз талаптар жана зордук-зомбулукка чакырган митингдер уюштурулуп, ушул эле багытта кол топтоо жана социалдык тармактарды колдонуу менен каралоо кампаниялары уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен алар төмөнкүлөрдү талап кылышты:

— журналисттерди, укук коргоочуларды, жарандык активисттерди куугунтуктоону токтотууну;

— журналисттерге, активисттерге жана коомдук ишмерлерге Конституцияда кепилденген коргоону жана сот акыйкаттыгын камсыздоону;

— мамлекеттик саясаттын маселелери жана кызмат адамдарынын аракеттери боюнча жарандардын өз пикирин билдирүү укугун чектебөөнү;

— кылмыш иштери козголгон учурда камакта кармалбагандай бөгөт коюу чараларын тандоону.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:12 22.04.2026
0

"Мага каза болгон 13 жаштагы кыздын апасы кайрылды. Анын айтымында, анын кызын Дубайда мыйзамга каршы аракеттерге тартылып, кийин ал каза...

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:46 22.04.2026
0

Кечээ, 21-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пухарев  Василий Дмитриевич 103 жашында  дүйнөдөн кайтты. Ал 1924-жылы 1-январда Кемерово облусунун Кузедеев...

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:34 22.04.2026
0

"Оор жүк ташуучу айдоочулар үчүн жакшы жаңылык менен бөлүшөбүз. Европалык айдоочулук сертификатын (Code 95) алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке...

Депутат Сарыбашов: «Дарыгер татыктуу жашай ала турган деңгээлде эмгек акы албаса, көйгөй чечилбейт»

Депутат Сарыбашов: «Дарыгер татыктуу жашай ала турган деңгээлде эмгек акы албаса, көйгөй чечилбейт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 22.04.2026
0

"Бизде дарыгерлер жетишсиз. Айрыкча тоолуу жана алыскы райондордо бул маселе курч бойдон калууда". Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. "Ошол...

УКМКнын төрагасы «Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу» комментарий берди

УКМКнын төрагасы «Укук коргоо органдарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча биргелешкен системалуу иши тууралуу» комментарий берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:20 22.04.2026
0

Президент, Жогорку Башкы командачы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары Ички иштер министрлиги жана прокуратура органдары менен...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

09:07 22.04.2026
Мамлекеттик катчы: «Алымбек датканын уулу Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек»

Мамлекеттик катчы: "Алымбек датканын уулу Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек"

09:42 22.04.2026
Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

08:57 22.04.2026
Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

17:12 22.04.2026
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

15:46 22.04.2026
Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

15:34 22.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү