Ишемби, 18.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Медиа Полиси Институту: «Прокуратура редакциянын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылган Жогорку Кеңештин кызматтагы адамдарына юридикалык баа бериши керек»

16:21 20.05.2022
0
Медиа Полиси Институту: «Прокуратура редакциянын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылган Жогорку Кеңештин кызматтагы адамдарына юридикалык баа бериши керек»

Медиа Полиси Институтунун юристтери SuperTV каналынын журналисттеринин парламенттик аккредитациядан ажыратылышы боюнча комментарий беришти. 

Институттун маалыматында айтылгандай, Конституциянын 4-беренесине ылайык, «Кыргызстандын мамлекеттик бийлиги мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашырууда ачыктык принциптерине негизделет» деп айтылат. Баш мыйзамдын 83-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыштарды өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык өткөрүлөт.

«Бул нормалар ар бир жаран, анын ичинде журналисттер белгиленген эрежелерди сактоо менен Жогорку Кеңештин жыйындарына катышууга укуктуу экенин билдирет. Аккредитациядан өткөн журналисттерге парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка ыкчам жана объективдүү маалымат берүүсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, иштөөгө кеңири укуктар берилет. Аларга каралып жаткан маселелердин күн тартиби боюнча алдын ала маалымат берилип, жыйындарга эркин катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аккредитациялык күбөлүк аларга үн жазуу, видео тартуу жана жарык берүүчү жабдуулар менен Жогорку Кеңештин имаратына кирүү жана чыгуу укугун берет”, — деп айтылат юристтердин талдоосунда.

Эксперттердин, тараптардын, ошондой эле парламентте аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын жыйындарына катышуу укугу Жогорку Кеңештин регламентинде бекитилген.

«Медиа Полиси Институту эки күндөн бери Жогорку Кеңештин имаратында иштөөгө уруксат берилбей жаткан SuperTV каналынын журналисттеринин айланасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө тынчсыздануусун билдирет. Жогорку Кеңештин жооптуу адамдарынын мындай позициясы редакциянын журналисттеринин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоол болот», — деп айтылат юристтердин билдирүүсүндө.

Телеканалдын өкүлдөрүнүн айтымында, SuperTV журналисттерине Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдырууга тыюу салуу боюнча оозеки буйрук Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимовдон келип жатат. Ал мындай чечимди депутат Надира Нарматова менен болгон окуядан кийин, тактап айтканда, тартуу тобу парламенттин ашканасында тамак-аштын баасы тууралуу сюжет даярдап жаткандагы окуядан кийин кабыл алган. Тартуучу топтун аракети эл өкүлүнүн агрессиясын жаратып, эртеси парламенттин эшик алдында SuperTV редакциясы аккредитациядан өткөн журналисттердин тизмесинде жок болуп чыкты. Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимовдун бул аракеттери маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу кепилдиктерин одоно бузуу болуп саналат.

Институттун маалыматында телекомпаниянын журналисттери эч кандай мыйзам ченемдерин же этиканын нормаларын бузбаганы баса белгиленет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде же комиссиясында, ошондой эле пленардык жыйында каралган эмес.

«Бул маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгара турган бир дагы документ жок. Басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимовдун иш-аракетин кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу катары баалады. “Медиа Полиси Институту” редакциянын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын аракеттерине прокуратура юридикалык баа бериши керек деп эсептейт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 11-майда Жогорку Кеңештин имаратында депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын журналистине орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилген. Андан сырткары, депутат тарабынан журналистке коркутуу жана физикалык басым орун алган. Ошол күндөгү окуя боюнча айтсак, журналист сюжет даярдап жатып, ашканада отурган депутаттарга сураныч иретинде кайрылган. Ал суранычына жөн гана “ооба” же “жок” деген жоопту айтуунун ордуна депутат Нарматова тарабынан журналистке жогоруда айтылган агрессивдүү аракеттер орун алган. Ал эми 18-майда SuperTV телеканалынын журналистине журналисттик милдетин аткаруу үчүн Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынган болчу.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү