Саламаттыкты сактоо министрлиги министрлер кабинетинин “Анатомиялык донордук жөнүндө” токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, окуу куралдарын чыгаруу, анатомия жана хирургия кафедраларында практикалык сабактарды өткөрүү каралган.
Министрлик билдиргендей, моделдер адамдын денесинин жана ички органдардын түзүлүшүнүн өзгөчө, патологиялык өзгөрүүлөр болгон учурда жеткире албайт. Донордук органдарды колдонуу медицина факультетинин студенттерине окуу учурунда теориялык билимдерди гана эмес, практикалык көндүмдөрдү алууга, медициналык процедураларды жана операцияларды өздөштүрүүсүнө мүмкүндүк берет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги хирургиялык жардамдын жаңы ыкмаларын жана донордук материалды колдонуу менен инновациялык технологияларды сынап көрүү медициналык катачылыктарды азайтарын белгилейт.












