Буга чейин Тышкы иштер министрлигинен Мексикада Кыргыз жараны Ж.Ж. дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
«Колдо болгон маалымат боюнча, аталган жаран Канкун шаарында (Мексика) болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландап жаткан. Кыргыз Республикасынын АКШдагы чет өлкөдөгү мекемелери керектүү издөө иштерин улантып, дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта»,- дешкен.
Жергиликтүү ЖМКлар жазгандай, Канкунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык Ж.Ж. табылды. Ал жакындары менен байланышып, алсыз экенин, бирок жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканын билдирген. Видеодо ал эсин жоготуп, клиникага түшкөнүн айткан.