12 жылдык окуунун алкагында быйыл 2018-2019-жылы туулгандар электрондук каттоодон өтөт.
- Баланы мектепке каттоо үчүн ата-эне же мыйзамдуу өкүл «Түндүк», 1mektep.edu.gov.kg порталын же айрым банктардын тиркемелерин колдоно алат;
- «Түндүк» тиркемесиндеги «Билим берүү» бөлүмүнө киресиз. Керектүү маалыматтарды жазган соң, система ата-энеси каттоодо турган жердеги мектепти сунуштайт. Айрым учурларда эки же үч мектеп сунушталат;
- Ата-эне ал мектептин бирин жана окуу тилин тандап, катталат. Эгер ата-эне баласын система тандап берген мектепке берүүнү каалабаса, 1-июнга чейин ал мектептен баш тарта турганын тастыкташы керек;
- 1-июндан баштап каттоонун экинчи этабы башталат. Система сунуштаган мектептен баш тарткан ата-эне экинчи этапта каалаган мектебине (эгер ал жакта бош орун калса) каттала алат.