Жергиликтүү шайлоодо жеңип чыккан талапкер мандатын агасына белек кылып жаткан видео тараган. Анда «Эмгек» партиясынын Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышкан мүчөсү Элнур Акылбеков агасына мандатын белек кылган.
«Менин ордум Жогорку Кеңеште. Өзүмдүн мандатымды сизге белек кылам. Мен өзүм үч жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болдум. Мени колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем», — деп айткан Акылбеков.
Бул боюнча БШКдан комментарий беришти. Андагы маалыматка ылайык видео «Эмгек» партиясынын штабында тартылган. Партиялык тизме боюнча №22 орундагы Элнур Акылбеков тизмеде экинчи болуп келген кесиптеши Мирланбек Абдикаримовду куттуктап жаткан. «Ал жердегилер Мирланбек Абдикаримовду куттукташып, баары тамаша катары айтылган. Талапкерлер Элнурбек Акылбеков менен Мирланбек Абдикаримов тууган эмес», — дешкен.
Ошондой эле БШК бул видеонун негизинде эч ким арыз бербегенин, мандат алмашуу болбогонун, талапкерлердин номурлары да алмаштырылбаганын билдирди.