Кечээ, 29-ноябрада «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында мэр Айбек Жунушалиев менен ишкананын кызматкерлеринин жолугушуусу өттү. Ага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, ошондой эле ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышты.
Борбор калаанын башчысы төмөнкүлөргө сөгүш жарыялады:
— 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.
Ошондой эле жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет. Муниципалдык автобустарды санариптештирүү жана жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды. «Бул жерде жол кырсыктарынын жыйынтыгы боюнча отчет берүүнүн кереги жок, бирок активдүү иш алып барыңыз. Профилактикалык иштерди күчөтүү керек», — деп кошумчалады мэр. Айдоочулардын ишин көзөмөл кылуучу бригадирлердин санын көбөйтүү милдети коюлду. «Керек болсо ай сайын чогулуп, иштерине баа берип, чараларды көрөбүз. Анткени бүгүнкү күндө бузулган автобустар эмес, адамдардын өмүрү маанилүү», — деп кошумчалады шаар башчысы. Айдоочуларды үзгүлтүксүз тестирлөөдөн өткөрүп туруу, эгер биринчи жолу билимин тастыктабаса, ээлеген кызматынан бошотуу тапшырылды.