25-январдан баштап Бишкектин 21 көчөсүнүн кесилишине акылдуу жол чырактар пилоттук режимде иштеп баштарын шаардын мэри Айбек Жунушалиев айтты.
«Мындай жол чырактар кайсы көчөдө унаа көп болуп, тыгын жаралса, ошол жакты өткөрөт. Ошондой эле жарык өчкөн маалда да жол чырактын ишин үзгүлтүккө учуратпай турган кошумча ток берүүчү жабдыгы бар», — деди Жунушалиев.
Буга чейин Бишкек мэриясы шаардагы тыгынды чечүү үчүн окуучулар менен студенттердин окуу графигин өзгөрткөн.