Бүгүн, 7-сентябрда калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев Курманжан датка көчөсүндө рейддик кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан бир катар курулуш компаниялары айланасындагы бузган жолдорун оңдоп, асфальт төшөп берүү боюнча ээлери менен сүйлөшүүнү тапшырды.
Анткени алар курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуникациялык тутумдарды алып өтүүдө, курулуш калдыктарын оор жүк ташуучу унаалары менен ташып чыгууда жолду бузуп талкалашкан. Андыктан пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү экенин мэр эскертти. Учурда бир гана “Аманат сити” курулуш компаниясы өз эсебинен көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан жердеги Грибоедов көчөсүн толук өз эсебинен жасап жатат.










