2-декабрдан тарта муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасын аткаруу максатында, 2024-жылдын 2-декабрынан баштап коомдук муниципалдык транспорттун айдоочуларына накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат. Бирок борбор калаанын жолдорундагы абал боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн мэриянын кырдаал борбору аркылуу автобустарга орнотулган жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу накталай төлөмдөрдү көзөмөлдөө иштери күчөтүлөөрүн белгилейбиз. Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чара көрүлөт. Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире акысын накталай эмес төлөм системасы иштеп жатканын белгилейбиз.
Коомдук транспорттун тарифтери:
— автобуста – 17 сом;
— кичи автобустарда – 20 сом;
— валидаторлор орнотулган автобустарда, жол кире акысын накталай төлөгөндө – 20 сом.