Шаарга кирүүгө акча талап кылынат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул фейк. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мындай сунуштамалар жайында коомдук талкууга алынып чыккан, шаар тургундарынын сын-пикирлерин жана коомдук пикирди эске алып, токтотулган. «Шаардык муниципалитет учурда иш алып барган багыттардын ичинде жол ондоо иштери, жол чырактардын иштөөсү боюнча санариптик чечимдер жана көп кабаттуу парковка куруу маселесин чечүү турат»,- деп айтылат маалыматта.