Мэрия Бишкекте автобуска 500дөн ашык айдоочу керек экенин кабарлады. Айлыгы 50-55 миң сом.
Маалымат алуу үчүн 0 312 53 17 89 телефонуна чалыңыздар. Мындан башка муниципалдык ишканаларда 633 жумуш орду бош.
Алар:
«Бишкек жашыл курулуш» — 300дөн ашык кызматкер. Маянасы 25-40 миң сом, телефону: 0 555 448 884 (WhatsApp)
«Тазалык» — 241 киши, коомдук жайларды тазалоочулар, жүктөгүчтөр жана сезондук жумушчулар. Айлык акы 15-35 миң сом, телефону: 0 555 977 981
«Бишкек асфальт сервис» — 92 кызматкер (инженер, машинист, айдоочу жана жол жумушчулары). Айлыгы 25-50 миң сом, номуру: 0 555 888 243
«Бишкек жарык» ишканасы электр монтерлорун жана экскаватор айдоочуларын издеп жатат. Айлыгы 33 миң сомдон жогору.
Кызыккандар 0 312 65 08 15, 0 700 004 049 номерине же Бөкөнбаев көчөсү, 232 дарегине кайрылышы керек.