Свердлов районунун жалпы билим берүүчү мектептерине уюлдук телефондор үчүн кутучалар берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
«Бул иш-чаранын максаты окуучуларды натыйжалуу окутуу менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун сактоо жана окуу материалын ийгиликтүү өздөштүрүү болуп саналат. Сабак башталаар алдында окуучулар гаджеттерин ар бир класста бар номерленген кутучаларга салышат», — деп жазылат маалыматта.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти райондогу 34 мектептин 1 195 мектептен окуу кабинети үчүн кутучаларды сатып алды.