«Тулпар» карталары, уюлдук карталар, электрондук капчыктар жана башка ушул сыяктуу каражаттар менен жол кире 11 сом болсо, картасыз 25 сом төлөйсүз». Бул туралуу мэриядан билдиришти.
«Учурда накталай эмес төлөм системасы бар, бирок кээ бирибиз дагы эле накталай акчаны колдонобуз. Биз эрежелерди сактоо үчүн бир катар чараларды ишке ашырып жатабыз. Эгерде сиз кошумча чыгымдардан качууну кааласаңыз, сизге накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууну сунуштайбыз: «Тулпар» карталары, уюлдук карталар, электрондук капчыктар жана башка ушул сыяктуу каражаттар. Муну менен сиз болгону 11 сом төлөйсүз. Эгер сиз накталай акчаны кааласаңыз, мындай төлөм ыкмасында 25 сом төлөшүңүз керек экенин унутпаңыз. Бул тандоону карап чыгып, кызыкчылыктарыңызга ылайыктуу чечим кабыл алууга чакырабыз», — дешти.










