Бишкек мэриясы маалымат таратып, Псковская, 71 дарегиндеги демонтаж иштерине тоскоолдук жаралып жатканын билдирди.
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Псковская көчөсү, 71 дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштерин баштады.
«Бул жерде мурда гараж кооперативи жайгашкан. Бирок уруксат берилбеген объектилердин ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткан окуя катталды. Окуя учурунда уруксат берилбеген объектилердин ээлери тарабынан бензин чачылып, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы жана атайын техникасы да жабыркаган. Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын кызматкерлери аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат», — дешти.
25-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн мэриянын автогаражына барды. Калаа башчысы унаа токтотуучу жайдын шартын жана жаңы алынган унаалардын тазалыгын,...
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу...
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Токтогул эс алуу багындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары толук буздурулууда. Бул тууралуу...