«Шаарга саат 12:00дө таза суу коё берилди. Система буюрса 4-5 саат ичинде толот экен. Кечке чейин шаарда толук суу болот». Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
Кечээ, 17-февралда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына Ош шаарынын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.