Борбор калаанын мэриясы троллейбус линияларын алып салуу маселеси боюнча маалымат таратты.
«Административдик соттун 27-ноябрдагы аныктамасы менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы троллейбустук линия тармагын жана көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу боюнча чараларды жокко чыгаруу жөнүндө арызы негиздүү жана канааттандырылууга тийиш деп табылды. Жогоруда аталган аныктамада сот троллейбустук байланыш тармагын жана көмөкчордондорду демонтаждоону токтотуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чараларды сактоо үчүн негиз таппагандыгы, анын натыйжасында демонтаждоону токтотуу түрүндөгү камсыздоо чаралары иш боюнча чечим чыгарылганга чейин жокко чыгарылгандыгы белгиленген», — деп айтылат маалыматта.