7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп чогулуп жатканы боюнча видео жарыялаган. Бул видео жаштар арасында туура эмес таасир жаратып, инсандар аралык конфликттер же маданий карама-каршылыктарды алып келип, агрессияны жана сабырсыздыкты козгоп кээ бир учурларда чыныгы кагылышууларга түрткү болуп, адамдын психикасына да зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Аталган факты катталып, тергөө иштери башталган. Жыйынтыгында 1993-жылы туулган жаран аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары коомчулукта терс таасирин тийгизген маалыматтарды социалдык тармактарга жарыя кылбоого убада берген.











