Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор 2-окууда каралып, жактырылган жок.
«Макул» деп 44, «каршы» деп 6 депутат добуш берди. Добуш берүүгө 59 гана депутат катышты, жалпы 83 катталган болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоор өтпөгөнүн билдирди.
Депутат Дастан Бекешев кайсы депутат кандай добуш бергенин жарыялады.