Социалдык тармактарда жашы жете элек бир туугандар зордукталганы боюнча маалымат тараган. Ош милициясы маалымат тастыкталбаганын билдирди.
«2024-жылдын 31-июль күнү Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек эки баласын 2016-жылдын күз айынан 2019-жылга чейинки аралыкта Кара-Суу районундагы ата-энесинин үйүндө бир тууган иниси ар кандай ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. Жарандын арызы Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматына жиберилген.
Окуя боюнча туура, объективдүү жана мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн жашы жете элек балдарга денесинен алган жараатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизасы дайындалган, экспертизанын корутундусуна ылайык аларга ыплас аракеттер жасалбаганы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшү менен аталган факты боюнча кылмыштын курамы далилденбегендиктен, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган», — деп айтылат маалыматта.










