Abank_june
SerepTV Logo

Миллиардга чукул чыгым: Эсептөө палатасы “Кыргызнефтегаз” ААКсындагы ири каржылык мыйзам бузууларды аныктады

Миллиардга чукул чыгым: Эсептөө палатасы “Кыргызнефтегаз” ААКсындагы ири каржылык мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги отурумунда өлкөнүн стратегиялык маанидеги ири ишканаларынан болгон “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин корутундусун карады. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган каржылык бузуулардын жана олуттуу кемчиликтердин жалпы суммасы 967 миллион 824,3 миң сомду (дээрлик 1 миллиард сомго жакын) түздү. Бул каражаттын ичинен 135 миллион 888,7 миң сому мамлекетке милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө анын болгону 8 миллион 904,9 миң сому гана иш жүзүндө калыбына келтирилген.

​“Кыргызнефтегаз” ААКсы жана анын туунду компаниясы өз убагында тиешелүү өндүрүштүк  чараларды көрбөгөндүктөн, ишкана 494 миллион 958,7 миң сом өлчөмүндөгү кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган. Андан сырткары, ишканада эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана жол-жоболоштурууда ири башаламандыктарга жол берилип, мыйзам бузуулардын көлөмү 281 миллион 422,0 миң сомду түзгөн. Ошондой эле жетекчиликтин шалаакылыгынан улам 120 миллион сомдук учурдагы жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздар менен тийиштүү иш жүргүзүлбөй калган, ал эми 53 миллион 954,9 миң сомдук каражат ченемден тышкары негизсиз чыгымдарга жумшалган. Буга кошумча, капиталдык курулуш иштеринде 6 миллион 456,3 миң сомдук, ал эми мамлекеттик сатып алууларда 2 миллион 127,5 миң сомдук эреже бузуулар катталган. Аудит учурунда бузулган жерлерди калыбына келтирүүдөгү (рекультивация) каржылык бузуулардан келип чыккан 8 миллион 904,9 миң сому толугу менен кайтарылды.

​Аудиттин жыйынтыгы “Кыргызнефтегаз” ААКсынын жетекчилиги ички ресурстарды натыйжасыз пайдаланып, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү сарптоо принцибин орой түрдө бузгандыгын көрсөттү. Эсептөө палатасы тарабынан ишкананын жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу жана калган каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча эскертүүлөр берилди. Бул ири чыгымдарга жана мыйзам бузууларга укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары тиешелүү тартипте коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.