Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында жайгашкан Рысбек Мамбеткуловдун асыл тукум кой чарбасына барды.
Фермер 5 жылдан бери асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенип, учурда 70ке жакын Арашан породасындагы кой багууда. Чарбада ар түрдүү породалар өстүрүлүп, койлор жогорку сапаттагы «Кремль» линиясына таандык кочкорлор аркылуу уруктандырылууда. Ошондой эле фермер асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында жаңы сарай куруп, генетикалык сапатты жакшыртуу иштерин жүргүзүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө чарба ээлери эт экспортунун убактылуу чектелишине байланыштуу асыл тукум малды сатууга өзүнчө шарт түзүп берүү маселесин көтөрүштү. Алардын айтымында, асыл тукум койлор эт багытында эмес, селекциялык максатта сатылгандыктан, ички рыноктогу эт баасына таасир этпейт. Ошондой эле ишкерлер тарабынан эмбрионду тоңдуруу үчүн заманбап лаборатория куруу маселеси көтөрүлдү. Алар чет өлкөлөрдөн суроо-талап бар экенин, бирок тиешелүү инфраструктуранын жоктугунан биоматериал экспорттоо мүмкүн болбой жатканын белгилешти.
Министр Эрлист Акунбеков асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик колдоону талап кыларын белгилеп, бул багытты системалуу жөнгө салуу зарылдыгын айтты. Анын ичинде асыл тукум мал чарбаларын расмий каттоодон өткөрүү, соода механизмдерин мамлекеттик деңгээлде уюштуруу (аукцион же биржа форматында) жана тармактын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча сунуштарын билдирди. “Эгер асыл тукум кой чарбасын колдой албасак, жалпы кой чарбачылыгын алдыга жылдыруу кыйын. Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот”, — деди министр.
"Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат". Мындай билдирүүнү УКМКнын...
Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө шаар мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда жашыл көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өттү. Мэр чынар дарагынын көчөттөрүн отургузуп, жаш...
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында финансылык тартипти...
Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына...