Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев дарыгерлерге карата мыйзамсыздык болуп жатканын айтып, ИИМ башчысы менен УКМК төрагасына кайрылды.
«Дарыгерлерге кол салган бул адам жазасын алыш керек. Бул эмитен эле башкаларга өтө жаман үлгү болуп, дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатышат. Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз.
Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келишти — дарыгерлерге өткөрүп беришти — көчөдө отуруп жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине киришпейт»,- деп жазды ал.