Abank july
SerepTV Logo

Министр инфаркт болгон 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди

Министр инфаркт болгон 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди
Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиохирургия бөлүмүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен пландан тышкары таанышып жаткан учурда, курч миокард инфаркты менен 87 жаштагы бейтаптын тез арада ооруканага жаткырылганына күбө болду.

Бейтап өтө оор абалда келип түшүп, ага тез арада жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон. Министр дарылоону уюштуруу иштерине ыкчам аралашып, инфарктка себеп болгон коронардык артерияга стент коюу операциясын өзү жүргүздү. Зарыл болгон медициналык жардам — стент коюу — «КМИ 24/7» (курч миокард инфаркты) программасынын алкагында акысыз көрсөтүлдү.