Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Бүгүн, 30-декабрда Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор.
«Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram