Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Оман Султанатына болгон расмий иш сапарынын алкагында Оман Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Фейсал Аль-Равас менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишке ашырыла элек чоң кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Мындан тышкары, министр Оман тарапка гидроэнергетика жана инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде, Фейсал Аль-Равас эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташуусун жандандыруу боюнча демилгени колдой турганын белгилеп, жакынкы аралыкта Оман Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы менен Кыргызстанга барууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Оман ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкерлердин байланышын чыңдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.










