Коронавирус илдетине мурда кабылган адамдар кайрадан ооруп жаткандыгы белгилүү болду. Оорунун экинчи ирет кайталануусу боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди. Анын айтымында, эгерде адам мурда коронавируска чалдыгып айыккан болсо дагы, кайра бул вирус менен ооруп калуусу ыктымал жана мындай жагдайлар кездешип жатат.
“Эгер мурда ооруган адамдын антителасы 3,5тен төмөн болсо, ал адам кайрадан ооруй берет. Ошондой эле учурда вирустун формасы дагы алмашып жатат. Мурда COVID-19 менен ооруп айыккандар кайрадан ооруп калуусу толук мүмкүн”, — деп билдирди министр.
Буга чейин ырчы Мирбек Атабеков ооруга экинчи жолу кабылып жаткандыгын жазган эле.











