Министр Нурдан Орунтаев: "Мамлекет тарабынан курулуп жаткан бир да объектте курулуш иштери токтогон жок"
Кечээ, 19-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаарда курулуп жаткан ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышып, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Иш сапарга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты.
Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө республика боюнча 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. Алардын басымдуу бөлүгүн билим берүү тармагындагы объектилер түзөт. Нурдан Орунтаев буга чейин башталган курулуштардын баары учурда кызуу темпте улантылып жатканын баса белгиледи.
"Мамлекет тарабынан курулуп жаткан бир да объектте курулуш иштери токтогон жок. Буга чейин башталган бардык объектилерде иштер белгиленген графикке ылайык улантылып жатат. Ар бир объекттин сапаты, курулуштун жүрүшү жана мөөнөтү министрликтин көзөмөлүндө", — деди министр.
Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарындагы "Акылман" Президенттик лицейинин, жаңы мектептердин, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы корпусунун жана 5200 орундуу спорт сарайынын курулуштарынын жүрүшү каралды. Объектилерди кароодо курулуштун сапатына жана бекитилген графиктин сакталышына көңүл бурулуп, тиешелүү жетекчилерге иштерди үзгүлтүккө учуратпай улантуу, сапатты көзөмөлдөө жана объектилерди өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.