Министр Нурдан Орунтаев: “Ош шаарында бир да курулуш токтогон жок”
Кечээ, 18-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында пресс-тур уюштурулуп, журналисттерге шаарда курулуп жаткан социалдык жана ири инфраструктуралык объектилердин жүрүшү тааныштырылды.
Министр президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 10 жаңы мектептин, анын ичинде 275тен 1200 орунга чейинки билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө, “Эне-Сай Сити” турак жай комплекси жана “Ош-сити” долбоорунун алкагындагы IT-шаарчанын курулушу көрсөтүлдү.
“Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бир катар маанилүү курулуш объектилериндеги иштер активдүү жүрүп жатат, бир да курулуш токтогон жок. Биз үчүн негизги талап — курулуштун сапатын камсыз кылуу, каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү”, — деди Нурдан Орунтаев.
Иш сапардын жүрүшүндө министр журналисттердин курулуш материалдарынын сапаты, каржылоо, объектилердин мыйзамдуулугу жана курулуш иштеринин жүрүшү боюнча суроолоруна жооп берди.