Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мында “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасынын алкагында комплекстүү 2 гектар жерге 8 блоктон турган 200 батирлүү 5 кабаттуу үй курулууда. Батирлер турак-жайга муктаж жарандарга берилет.
Ошондой эле, Нарын шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы боюнча курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Жалпы 9 кабаттуу, 4 блоктон турган, 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу өткөн жылдын жазында башталган.