Министрлер кабинети калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 2024-жылы биздин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25,7 пайызга төмөндөгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка аз. Бул абдан натыйжалуу көрсөткүч. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында орточо эмгек акы 42 миң 522 сомду түзүп, 20,4 пайызга өстү.
«Пенсиялар 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатылат. Айрыкча “Социалдык келишим” программасынын алгылыктуу натыйжасын белгилей кетүү керек, анын алкагында быйыл 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлдү. Ишкерликти колдоо багытында көптөгөн иш-чаралар ишке ашырылууда. Индустриялаштыруунун алкагында өлкө боюнча 67 ишкана ачылып, аларда 6 миң жумуш оруну түзүлдү. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 159 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2024-жылдын 6 айында 55,1 миң жумуш орун түзүлгөн) 2,9 эсеге көп”, – деди Адылбек Касымалиев.










