Министрлик: Ат-Башыда картошка 5-6 сомдон сатылып жатат деген маалымат калп
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги интернет булактарында Ат-Башы районунда картошка 5–6 сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.
Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда райондо жергиликтүү картошканын жаңы түшүмү толук быша элек. Ушул себептен соода түйүндөрүндө негизинен Бишкек шаарынан алынып келинген картошка сатылууда. Бүгүнкү күндө Ат-Башы районунда картошканын чекене баасы орточо 35-40 сом/кг түзөт. Интернет булактарында тараган 5-6 сомдук баа тууралуу маалымат тастыкталган жок. Министрлик жарандарды маалыматты расмий булактардан алууга чакырат.