Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте холера оорусунун жайылып жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
Министрлик аймактык санитардык кызматтар ачык суу сактагычтардын, дарыялардын жана агын суулардын суусун үзгүлтүксүз текшерип турушарын билдирди. «Акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону аныкталган, бирок ал адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок», — деп айтылат маалыматта.
Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан, толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлгөн.







