СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлиги метапневмовирус боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, учурда өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) басымдуулук кылат жана актуалдуу бойдон калууда.
«Ошол эле учурда адамдын метапневмовирусу деп аталган оору козгогучтар тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бул көбүнчө балдарда вирустук инфекцияларды пайда кылат. Метапневмовирус 2001-жылы респиратордук оорулары бар балдардын канын изилдөө учурунда табылган. Бул жаңы вирус эмес экени да аныкталган. Бул инфекция менен бардык курактагы адамдар ооруйт, бирок 5 жашка чейинки балдарда жана улгайган адамдарда симптомдору көбүрөөк байкалат. Инфекция аба жана байланыш аркылуу тарайт. Инкубациялык мезгили адатта 3-5 күн.
Белгилери сасык тумоого окшош: мурундун бүтүшү, жөтөл, баш оору жана дене таптын көтөрүлүшү. Ошондой эле ооруган адамдан бронхит же пневмония аныкталышы мүмкүн. Бул адамга кооптуулук жаратат.
2024-жылдын 40-52-жумаларына чейин бейтаптардан 1144 тест тандалып алынган, анын ичинен: риновирус — 210, респиратордук сентициалдык вирус — 259, аденовирус — 105, бокавирус — 79, парагрипп (1,2,3,4 типтери, негизинен 3-түрлөрү) жана 4 ) — 98 жана метапневмовирустун 2 учуру аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алыңыз:
- коомдук жайларда жүргөндөн кийин колуңузду жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз;
- сасык тумоонун белгилери бар адам менен байланышта болбоого аракет кылуу;
- кир кол менен бетти кармабоо;
- чүчкүрүп, жөтөлүүдө салфетка менен оозду жана мурунду жабуу;
- беткап тагынып, адамдар арасында аралыкты сактоо.