Abank_june
SerepTV Logo

Министрлик: Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу

Министрлик: Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу
 
Саламаттыкты сактоо министрлиги 19-21-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга туруктуу мониторинг жүргүзүүдө.

Жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан зарыл болгон профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулду. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын пайда болуу тобокелдиктери бааланууда.

Ош облусунда жабыркаган калктуу конуштарда үймө-үй кыдыруу жана тургундар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок. Ичүүчү суудан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.