Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Ошондой эле, жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчилиги, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлүүдө. Курулуш аянттарында кеңири масштабдагы иштер башталган: 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден көп техника тартылган. Негизги басым тоннелдерди казууга, жер иштерине жана көпүрөлөрдү курууга жасалууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери аткарылган.
Өз сөзүндө МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык талаптарды так сактоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Министрлер Кабинети өз кезегинде, долбоорду ишке ашырууда бардык зарыл колдоо жана координацияны камсыз кылат.










