Маданият министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Мирбек Мамбеталиев Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча мыйзамды толугу менен колдой турганын билдирди. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети бүгүн, 25-февралда маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатат.
Жыйында эл өкүлү Гуля Кожокулова ЖМК боюнча мыйзам долбоору коомчулукта чоң резонанс жаратканын, бул боюнча пикирин сурады.
«Бул мыйзамды толугу менен колдойм. Көз карандысыз ЖМКлар кээде каралап, адаштырат. Алар жазаланышы керек», — деди Мамбеталиев.