Моюнуна бычак такалган кишини жана суудан эки өспүрүмдү куткарган милиция кызматкерлери сыйланды
Адам өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы жана чечкиндүү аракеттери үчүн ички иштер органдарынын эки кызматкери Ички иштер министрлигинин «Каармандык» ведомстволук медалы менен сыйланышты.
Жогорку сыйлыктарды Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов тапшырды. Кызматкерлерди куттуктап жатып, ал мындай милиция кызматкерлери Антка берилгендиктин, жогорку жоопкерчиликтин жана элге ак кызмат кылуунун жаркын үлгүсү экенин белгиледи. «Эрдик кызмат өтөп жаткан учурда гана эмес, күнүмдүк турмушта да көрүнөт. Сиздердин чечкиндүү жана кесипкөй аракеттериңиздердин аркасында адам өмүрү сакталып, оор кесепеттердин алдын алынды. Көрсөткөн кайраттуулугуңуздар, жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана кызматтык милдетиңиздерге берилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем», - деди Адылбек Бийбосунов.
ИИМдин «Каармандык» медалы менен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын милициянын улук сержанты Бейшенбек Теңизбеков сыйланды. Ал төрт күндүн ичинде Ысык-Көлдө болгон эки өзүнчө кырдаалда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөргө өз убагында жардам көрсөтүп, алардын өмүрүн сактап калган. Анын ыкчам жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында 2017-жылы туулган Балыкчы шаарынын жана 2008-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундарынын өмүрү сакталган.
Ошондой эле ИИМдин «Каармандык» медалы менен Түп РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын милиционери, милициянын прапорщиги Апсамат Оңгорбеков сыйланды. 21-июнда Түп айылында мас абалындагы жана колуна бычак кармаган жаран айланадагылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан учурда, Апсамат Оңгорбеков өз өмүрүн тобокелге салып, кылмышкерди чечкиндүү түрдө зыянсыздандырып, оор кесепеттердин алдын алып, адам өмүрүн сактап калган.
Эки кызматкердин тең көрсөткөн эрдиги, жогорку кесипкөйлүгү, милиция кызматкеринин антына берилгендиги жана ар кандай кырдаалда жарандарга жардам берүүгө даяр экендиги ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн татыктуу үлгү болуп саналат.