Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барган.
Монголиянын президенти Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.











