Москвадагы мончодогу кыргызстандыктарды кармоо боюнча Эмгек министрлиги маалымат берди. Андагы маалыматка караганда, 24 кишинин 20сы бошотулуп, төртөө Орусиядан чыгарылат.
«Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Москвада кармалган кыргызстандыктардын укугун коргоого кошулду. Элчилик менен биргеликте бул кырдаалды дароо көзөмөлгө алып, Түндүк административдик аймак боюнча ички иштер башкармалыгына кайрылышкан.
- Буга чейин социалдык тармактарда Орусияда күч органдары эркек кишилерди жөрмөлөткөн видео тараган. Маалыматка караганда, видео Москвадагы мончодо тартылган.
- Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, Кыргыз Республикасынын жарандары документтерин текшерүү жана Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн аныктоо максатында Москва шаарынын Тимирязев РИИБге жеткирилгенин билдирген. Ошондой эле бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана элчилик көзөмөлгө алган.