Буга чейин социалдык тармактарда Орусияда күч органдары эркек кишилерди жөрмөлөткөн видео тараган. Бул окуя боюнча ТИМден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, видео Москвадагы мончодо тартылган.
«Москва шаарындагы мончо комплексинин биринде тартылган видео жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын жарандары документтерин текшерүү жана Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнүн аныктоо максатында Москва шаарынын Тимирязев районунун ИИМ бөлүмүнө жеткирилген.
Бул окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын элчилиги ошол жарандар менен байланыш түзүп, учурда тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.
Ошол эле учурда рейд учурунда Орусиянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат такталууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турат»,- деп айтылат маалыматта.