Муфтият маалымат таратып, Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен келип түшкөн маалыматка ылайык, 2025-жылдагы ажылык мезгилине даярдык көрүү максатында, Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө жана анда калууга 2025-жылдын 29-апрелинен 10-июнуна чейинки аралыкта тыюу салынарын билдирди.
«Бул чектөөлөр тууралуу маалымдоо боюнча Сауд Араб Падышалыгына сапар тарткан жарандарга Саудиянын мыйзамдарын сактоого чакыруу менен бирге Сауд Араб Падышалыгынын жаңы талапбына ылайык ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес экендигин эскертебиз»,— деп айтылат маалыматта.
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат
"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...











