Билим берүү министрлиги Министрлер кабинети жүргүзүп жаткан бюрократиядан арылуу саясатынын алкагында мугалимдерден талап кылынган отчётторду кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча системдүү ишке киришти. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Ушул тапта мугалимдер үзгүлтүксүз тапшырууга милдеттүү болгон бардык түрдөгү отчёттор кылдат анализден өткөрүлүүдө. Бул максатта атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү — мектеп директорлору жана орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүү тармагындагы эксперттер жана министрликтин кызматкерлери кирди.
Жумушчу топтун максаты — ар кандай мамлекеттик органдар республикалык, облустук жана райондук деңгээлде кайсы багыттар боюнча кандай отчетторду талап кыларын аныктоо жана министрликтин отчеттук маалыматтарга болгон ички муктаждыгын изилдөө. Бул кайталанган жана натыйжасыз документацияны жоюуга багытталган.