Быйыл өлкөдө уул балдарга эң көп Мухаммад, ал эми кыз балдарга Салиха ысымы ыйгарылган. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен быйыл төрөлгөн ымыркайларга кандай ысымдар көп берилгенин маалымдашты.
Кыздарда Салиха (3 904), Амина (2 969), Фатима (2 804), Раяна (2 786), Алия (2 426), Айлин (2 426), Альфия (2228), Сафия (2223), Аруузат (2221), Хадича (2179) деген аттар да көп кездешет.
Уул балдарга Мухаммад (5 112), Умар (4 577), Али (2 838), Билал (2 505), Амир (2 436), Алихан (2 436), Нурислам (2042) Алинур (2 023), Усман (1 937), Эмир (1 657) ысымдарын көбүрөөк ыйгарышкан.